• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткендин башчысы чек арадагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди

16 Аяк оона 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.

Алимбаев билдиргендей, учурда Баткен облусунда ок атуулар токтой элек.

«Бүгүн саат 06:00дө кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталып, тез аранын ичинде тажик тараптан чек аранын баардык периметрлери боюнча атуулар башталды. Муну мен агрессия деп санайм. Анткени биз күтпөгөн жерден алар атып жатат. Учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши менен ок атууну токтотуу боюнча тиешелүү буйруктарды берди. Бирок тажик тарап токтой элек. Эгерде ок атуулар баардык жерде токтосо жолугушууларды өткөрөбүз», — деди ал.

Количество просмотров: 3870