• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткендин губернатору Достук айылынын элинен кечирим сурады

7 Жалган куран 202522:52 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун губернатору Достук айылынын тургундарынан кечирим сурап, элге үй курганга 5 сотыхтан эмес 10 сотыхдан жер берилерин айтты.

Шаменов УТРКга берген маегинде эл менен жолугуп сүйлөшүп жатканда эмоцияга алдырып койгонун айткан. Ошондой эле ал эл менен сүйлөшкөндөн кийин Достук айылынын тургундарына эми 10 сотых жерге үй салынарын, 10 сотых жер келечекте үй салууга жана Кызыл-Бел айылынан 10 сотых жер айыл чарба багытына берилерин билдирди.

Бүгүн Шаменовдун Достук айылынын тургундары менен жолугушуусунда ороңдогон видеосу чыгып, көп өтпөй жоругу үчүн президент Садыр Жапаровдон эскертүү алган.

Количество просмотров: 360