Азамат Осмонов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Канат Джумагазиев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулганы маалымдалган.