«Баткенге жардам» Республикалык штабы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан түзүлүп, күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн маалымат жыйында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
«Республикалык штабдын иштеп жатканына 2 күн болду. Буга чейин дагы штаб ушундай кырдаал жаралганда иш алып барган. Учурда 2 штаб иштеп жатат. Бирөөсү Баткен облусунда. Бишкектен барган гумжардамдарды жеринде таратуу иштерин жүргүзүп жатышат. 1500 ыктыярчы күнү-түнү иштеп жатат»,-деди ал.
Ошондой эле Надырбеков жалпы волонтерлорго, активисттерге, кош көңүл эмес жарандарга, коомдук уюмдарга жана бизнес-түзүм өкүлдөрүнө гуманитардык жардамды чогултууга жана ташууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык айтты.