• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп»

24 Жалган куран 202510:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, анда журналист Лейла Саралаеванын Курманбек Бакиев тууралуу жарыялаган видеосу тууралуу жооп берген.

«Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем. Бирок ошентсе да сурооңузга жооп берип коеюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен.

Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз», — деп жооп берген президент.

Буга чейин журналист Лейла Саралаева ютубдагы “Новые Лица” каналына Кыргызстандын эгемен тарыхындагы саясий окуялар, элдик толкундоолор тууралуу видео чыгарып, анда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев 2005-жылы Курманбек Бакиевдин штабында иштешкенин айткан.

Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Количество просмотров: 300