• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек шаардык ЖЭБде болгон аварияда 3 кызматкер жаракат алды

2 Бирдин айы 2024 8:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу энергетика министирлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

“Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алыныздар”, — деп айтылат маалыматта
Количество просмотров: 553