25-сентябрда Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдар Гыязов Баткен мамлекеттик университетинин М. М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Жолугушууда 2023-2024 жаңы окуу жылга карата коюлган пландар жана аткарылуучу иштер тууралуу айтылып, бөлүм жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, КГПИнин студенттери менен жолугушуу болуп, алар ачык айкын пикирлерин, көз караштарын айтып, кызыктуу маек болду.