• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Батукаевдин иши боюнча мурдагы судьяга айып тагылды

23 Бугу 201910:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Камактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясы Дж.Э.ге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык сотунун судьясы 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевдин «айыккыс оорусунан» улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу сунуштамасын караган. Бирок, ал сунуштаманы жакшылап иликтеп чыкпастан эле канааттандырып койгон.

Бул иштин алкагында Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү («Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу») жана 317-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Эске салсак, Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Количество просмотров: 19