• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Батукаевдин соту боюнча абактагы Атамбаев билдирүү жасады

2 Аяк оона 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин иши” боюнча билдирүү таратты. Атамбаев өз билдирүүсүндө “Батукаевдин иши” деп аталган кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө киргени, бирок соттук териштирүү жабык өтүп, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, элдин көпчүлүгү чындыкты алиге чейин билбей, ар кандай ушак-айыңдарга ишенип жатканын жазган.

«Мен билдирүү жасоону туура көрдүм. 2011-жылдан тартып мен Президент катары кылмышкер Жаныш Бакиевди өлкөбүзгө алып келүү боюнча бардык чараларды көрүп жаттым. Билесиздер, Жаныш Бакиевдин кылмыштуу буйруктарынын жана иш-аракеттеринин натыйжасында 2010-жылдын 7-апрелинде 80ден ашык күнөөсүз жаран өлүп, миңге жакын адам жарат алган. Ал кандуу күндөн кийин өткөн 10 жылдын ичинде ошол жарат алган жарандардын да 80ге жакыны кайтыш болду. “Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну мен анын демилгечисине, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок ал материалдарда жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө менин тарабымдан жасалган коррупциялык же башка кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө бир да факты жок. Болушу да мүмкүн эмес. Анткени менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө “Сокенин
соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операцясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай. Тилекке каршы УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот. Кыңыр иш кырк жылда билинет!
Бирок мен азыр да Жаныш Бакиевге окшогон канкор кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн мамлекет бардык чараларды көрүшү керек деп толук ишенем», — дейт ал.

Эске салсак, кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурунку президент Атамбаев баш болгон бир топ аткаминээрлерге карата соттун өкүмү чыккан.

Количество просмотров: 1151