• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Батыш Казакстан облусунда кайрадан блокпосттор орнотулат

27 Чын куран 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

1-майдан тартып Батыш Казакстан облусунда кайрадан блокпосттор орнотулат.

Аймактын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, блокпосттор Орол шаарына кире бериште жана COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча “кызыл” аймакка кирген алты райондо орнотулат.

Блокпосттордон ыкчам кызматтардын жумушчулары, вахта менен иштегендер, транзиттик жүргүнчүлөр, саламаттыгында маселеси бар адамдар, айыл чарба кызматкерлери, үйүнө кайтып келе жаткан облус тургундары өткөрүлөт.

Азыркы учурда аймакта түнкүсүн нары-бери жүрүүгө чектөө киргизилген: жашоочуларга түнкү саат 12.00дөн таңкы 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Дарыканага же клиникага баруу үчүн STOPCOVID.KZ. сайтына билдирүү жөнөтүү керек.

Расмий маалымат боюнча Батыш Казакстан облусунда 18 613 адам вирус жуктуруп алган, алардын ичинен 272си өмүр менен кош айтышкан. Соңку бир суткада 166 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды.

Количество просмотров: 120