• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сууктан улам беш облустун бала бакчалары жабылды

18 Үчтүн айы 202310:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1 миң 865 мектепке чейинки билим берүү мекеменин ичинен 47си жабылды, ал 2,5 пайызды түзөт. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда:

Нарын облусунда 22 бала бакча (15,4%);
Чүй облусунда 5 (2%);
Талас облусунда 1 (1,2%);
Жалал-Абад облусунда 17 (5,3%);
Баткен облусунда 2 (1%).

Ат-Башы районунда 21 мектеп менен Майлуу-Суу шаарындагы мектептер онлайн окутууга өттү. Жалпы 200 мектеп аралыктан билим берүүдө: Талас облусунда үч мектеп, Чүй облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 154, Ош облусунда 1-класстын окуучулары онлайн окууда.

Количество просмотров: 117