• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Базар-Коргон районунун акими дайындалды

10 Жалган куран 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

49 жаштагы Бакыт Козуев Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппараты билдирди. Козуев буга чейин Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, ушул эле райондун аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Райондун мурунку акими Айбек Бегимкулов өз арызынын негизинде өткөн айда кызматтан алынган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдерин жумуштан кетирүү аракети болуп жатканын айтып, аны алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырган болчу.

Количество просмотров: 419