• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Базар-Коргондо небересин зордуктоого шектелген киши камалды

9 Бирдин айы 202614:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 70 жаштагы киши небересин зордуктоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 5-февраль күнү Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Базар-Коргон районунун 1991-жылы туулган Т.М. арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 1955-жылы туулган М.М. аттуу жаран өзү жашаган үйдө, 2011-жылы туулган М.М. аттуу жашы жете элек небересине карата физикалык зомбулук көрсөтүп, зордуктап жыныстык катнашка барганын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

«Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында, 5-февраль күнү Базар-Коргон районунун 70 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалып, Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 168