Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан шаар тургундары менен болгон жолугушуулардын жүрүшүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Бишкек шаарынын Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын кызматкери К.Ы.М. жеке ишкерден кызматтык абалын пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн системалуу түрдө акча каражатын алып жүргөндүгү аныкталган. Натыйжада жеке ишкерден жалпы суммасы 195 000 сом мыйзамсыз алынган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 342-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.