• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК депутаты Кайрылбекова камактагы жолдошунун иши боюнча маалымат берди

1 Кулжа 202615:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун жубайы, Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова камакта жаткан жолдошуна жоолугуп чыкканын айтып, соцтармак баракчасы аркылуу иш тууралуу билдирүү жазды.

“Эң негизгиси ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен Орусиянын жаранын тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөөсү сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Орусиянын жараны Польшанын жаранын 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы үчүн Жаныбек күйүп жатат”, — деп жазды ал..

Эске салсак, УКМК Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда кабарлаган.

Количество просмотров: 199