• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Базар-Коргондогу жаңы конушка Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат

19 Тогуздун айы 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарынын бирине белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу аталган айылга Чубак ажы атындагы мечит, медресенин курулушунун капсуласын салуу иш-чарасында айтылгандыгын муфтияттан кабарлашты.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын муфтийинин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев, Чубак ажынын атасы Тажикул Жалилов, Базар-Коргон районунун баш имам-хатибинин орун басары Ашим ажы Абидинов жана демөөрчүлүк топтун өкүлү Нурбек Абдували уулу, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы конушка белгилүү дин аалымынын ысымын ыйгаруу жергиликтүү эл тарабынан демилгеленген. Ал эми айылга мечит, медреселерди куруу үчүн Акман айылынын Бактыгүл аттуу тургуну өзүнүн үлүш жерин берген.

Эскерте кетсек, аталган курулуштарга Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Демөөрчү топтун атайын өкүлү Нурбек Абдували уулу үй-бүлөлүк фелдшердик пунктун да куруп берүүсүн убадалады.

Белгилүү дин аалымы, убагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлунда коронавирус илдетинен улам дүйнө салган.

Количество просмотров: 125