• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Базар-Коргондо 60 орундуу заманбап оорукана ачылды

15 Жетинин айы 202417:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2024-жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жергиликтүү тургундарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында курулган жаңы оорукананын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Оорукананын ачылыш аземине КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кенешинин депутаты Таалайбек Масабиров, Базар- Коргон районунун акими Мирлан Карагулов жана башкалар катышты.

60 орунга эсептелген эки кабаттуу имаратты курууга республикалык бюджеттен 110 миллион сом бөлүнгөн. Аянты 900 чарчы метр болгон жаңы медициналык мекемеде терапия, төрөт жана гинекология бөлүмдөрү, ошондой эле балдар бөлүмү бар. Оорукана дарт аныктоо жана бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Ооган-Талаа айылынын 8500дөн ашык жашоочусу жана ага жакынкы аймактардын тургундары үчүн бул оорукананын ачылышы жашаган жерине жакын жерде сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Количество просмотров: 191