• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бажы кызматы: 13 млн сомго учактардын декларацияланбаган фактысы аныкталды

18 Чын куран 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

“Манас” бажысынын кызматкерлери 13 млн сомго аба кемелеринин декларацияланбаган фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26 жана 30-июлунда Кыргызстандын аймагына Пакистан-Бишкек маршруту боюнча каттамдар менен “А.М.Э” ЖЧКсынын дарегине “AVRO 146 –RJ85” эки аба кемеси келгендиги аныкталган. Борттогу товарлардын наркы 12 млн 971 миң 63,27 сомду түзгөн.

«ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Аталган аба кемелерине карата келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча КР Башкы прокуратурасына берилген.

Количество просмотров: 100