• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

17 Жетинин айы 202218:39 Бишкек Govori.TV

Кимсанов Улан Ашимович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы дайындалган биринчи орун басар Мамлекеттик бажы кызматынын эмгек жамаатка бүгүн тааныштырылды.

Количество просмотров: 375