• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бажы кызматы 2022-жылдын январь-март айларында 14,2 млрд сом чогултту

8 Чын куран 202212:40 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын январь-март айларында 14,2 млрд сом чогултту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын үч айына бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 14,5 млрд сом деп бекитилген. Болжолдуу аткарылышы 98,1 пайыз же 268,4 млн сомго аз жыйналды, анын ичинде:

  • пошлинасыз бажы төлөмдөрү — 10,6 млрд сом, бул бекитилген болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 112,7 пайызын түздү же 1,2 млрд сомго көп чогултулду;
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган пошлина – 3,6 млрд сом, бул болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 71,2 пайызын түздү же 1,5 млрд сомго аз түшкөн.

“Ошол эле учурда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 5,8 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 168,3%ды түздү”, — дейт ал.

Количество просмотров: 160