• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бажы кызматы бажы алымдары тууралуу үн катты

9 Аяк оона 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы алымдары эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагып, 9-сентябрда билдирүү таратты.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо товардын бажы наркынын 0,25% бажы төлөмү, ЕАЭБдин ставкалары боюнча импорттук бажы алымы жана 12% кошумча нарк салыгы төлөнөт. Ташып кирүү бажы алымынын белгиленген чендери Евразия экономикалык биримдиктин беш мүчө мамлекети Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Орусия жана Армения үчүн бирдей.

“Тиешелүү бажы алымдарын төлөөдөн качуу максатында, тышкы экономикалык ишмердиктин айрым ак ниеттүү эмес катышуучулары товарларга декларацияларда товарлар тууралуу жалган маалымат беришет.  Бажы кызматынын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан  жүргүзгөн оперативдүү-ыкчам иш-чаралары мындай учурларды далилдеп жатышат.  Бажы эрежелерин бузуунун бардык фактылары боюнча материалдар тергөөө караштуулугу боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.  Мисалы, бажы алымдарынын кыйла жогору чендери коюлган “кийим, бут кийим” товарларынын ордуна, ташып кирүү бажы алымынын төмөн чендери берилет, ошентип, мындай кырдаал ташуучу фирмалар товарларды базарлардын сатуучуларына иш жүзүндө бажы жагынан таризделген товарларга ылайык келбеген товарларды беришет. Ошентип, базарлардын сатуучулары ташуучу фирмаларга товардын салмагы үчүн төлөшөт жана мындай товардын акыркы наркы кантип калыптанышын элестете алышпайт”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-сентябрда «Дордой» базарынын соодагерлери бажы төлөмдөрү эскертүүсүз эки эсе көбөйтүлгөнүн айтып, базардын аймагында пикетке чыгышкан.

Количество просмотров: 198