• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БДК Кумтөр боюнча кайра билдирүү жасады

7 Аяк оона 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» (БДК) Кумтөр маселеси боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыялады.

“Швейцария Кыргызстандан сатып алган алтындын 1 млрд 210 млн доллары каякка сарпталды? Расмий билдирүүлөр боюнча Британия (4 тонна) менен Швейцарияга (1 тонна) сатылган алтындын баасы 1 тоннасы 57-58 млн доллар болгон, ошол эле учурда биздин бийлик Кытайга 1 тонна, Таиландга 1 тонна алтынды 36-37 млн доллардан саткан. Эмне үчүн баада мындай чоң айырма бар жана ал кайда кетти? Швейцариянын өкмөтүнүн ачык порталында алар бизден 19 тонна алтынды 1 млрд 210 млн долларга сатып алышканын жазышты. Ошол эле учурда КР Улуттук банкы 2022-жылдын 25-августунда билдирүү таратып, Швейцарияга сатылган алтын Күмтөрдүкү эмес экенин, улуттук алтын-валюталык резервдики экенин расмий билдирди. Андай болсо 2021-жылы Күмтөрдө өндүрүлгөн 14,5 тонна алтын кайда? Урматтуу Президент Кумтөрдүн алтыны жана андан тушкөн миллиардтар боюнча элдин, коомдун алдында качан жооп бересиз?”, — деп айтылды оппозициялык кыймылдын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, БДК буга чейин ушул маселе боюнча президентке, депутаттарга жана өкмөткө бир нече жолу кайрылуу жасаган.

Количество просмотров: 975