• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БДК Кумтөрдөгү алтынды сатуу фактысы боюнча комиссия түзөт

14 Аяк оона 2022 14:41 Бишкек Govori.TV

Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылдын (БДК) Кумтөрдөгү алтынды сатуу фактысы боюнча түзүлө турчу комиссиясы тууралуу билдирүү таратты.

Кыймылдын кайрылуусунун толук текстин сунуштайбыз:

Кыргызстанда Кумтөр жана алтын маселелери маанилүү жана көйгөйлүү деп эсептейбиз, ошондуктан, биз оппозициялык кыймыл катары Күмтөр жана алтын маселесин байма-бай көтөрүп келебиз. Бүгүнкү күндө бул маселелер боюнча коомдо бийлике көптөгөн суроолор жаралууда. Ушул маселе боюнча президент Садыр Жапаровдун жана Министирлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун оппозициядан конкреттүү сунуштарды күтөбүз деген билдирүүлөрүнөн кийин оппозициялык БДК, Өкмөткө, иликтөө иштерин жүргүзүүгө төмөнкү оппозициялык саясатчыларды сунуштайт:

  1. Кеңешбек Дүйшебаев;
  2. Клара Сооронкулова;
  3. Равшан Джээнбеков;
  4. Рита Карасартова;
  5. Айбек Теңизбаев.

Ошону менен бирге бул комиссияга көрүнүктүү жарандык коомдун жана ММК өкүлдөрүн кошууну талап кылабыз.

Комиссиянын курамына кирип, ачык-айкын, документтерге толук жетишүүнүн (доступ) негизинде иштеп, коомчулука толук маалымат берүүгө жана Президент Садыр Жапаровдун сунушу боюнча комиссияны жетектегенге даярбыз.

Количество просмотров: 94