• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«БДК» Жапаровдун «Күмтөр» боюнча билдирүүсүн сынга алып, бир нече талап коюшту

29 Баш оона 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» президент Садыр Жапаровдун Кумтөр жана анын алтыны тууралуу пикири боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүдө Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде кендеги бир канча маселелерге токтолгону белгиленип, анда айтылгандар сынга алынган. Жана ошондой эле кыймыл өз билдирүүсүндө бир нече талаптарды келтиришкен.

«Биз азыркы Президенттин жана өкмөттүн Күмтөр боюнча жүргүзгөн саясаты алдамчылык жана шылуунчулуктун негизинде жүргүзүлүп жатат деген тыянакка келип, төмөндөгүлөрдү талап кылабыз:

  • Акыркы кол коюлган “Центерра” менен Кыргызстандын тынчтык келишиминин толук текстин коомго ачыктагыла. “Центерра” тараптан ким, Кыргызстан тараптан ким кол коюшканын жана кандай шарттар менен кабыл алынганын эл билсин.
  • Өкмөттүн токтому менен 2022 жылдын 15 апрелинде дайындалган эл аралык “Ernest & Young” аудиттик компаниясынын корутундусун элге ачыктагыла.
  • 2022 жылдын 10 майында карьердин бортторунун жылышы боюнча өкмөттүн чечими менен түзулгөн, мамлекеттик атайын экологиялык комиссиясынын жыйынтыктарын коомго жарыялагыла.
  • КР Жогорку Кеңеши жайкы тыныгуудан кийинки, алгачкы отурумунун ачык жыйынында, аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчетун уксун.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Күмтөр элибиздин үмүтү да, чыры да, ыйы да, болуп келди. Өткөндөн сабак алып, мамлекетибиздин жана өсүп келе жаткан муундардын келечеги үчүн, Күмтөрдүн мурунку тагдырынын кайталануусуна жол бербешибиз керек!», — деп жазылат билдирүүдө.

Президент 27-августта Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайлар тууралуу түшүндүрмө берген. Анда кенден чыккан алтын кайсы убакта кайсы өлкөгө сатылып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген.

Количество просмотров: 558