• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

«Beeline Казакстан» орус телеканалдарын көрсөтүүнү токтотпой турган болду

4 Тогуздун айы 202210:07 Бишкек Govori.TV

«Beeline Казакстан» байланыш оператору буга чейин жарыялагандай 15 орус телеканалын көрсөтүүнү токтотпойт. Бул тууралуу Орусиянын Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди.

«Veon («Beeline Казакстанга» ээлик кылат) менен консультацияларды өткөргөндөн кийин компания пландарын өзгөрткөнүн жана орус телеканалдарын өчүрбөй турганын ырастады», – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

27-сентябрда «Beeline Казакстан» 5-октябрдан тарта BeeTV сервиси менен «TV+Үйдөгү интернет» пакетинде Орусиянын телеканалдарын көрсөтүү токтотуларын билдирген. Анда сөз «Дом кино», «Победа», «О!», «Первый канал СНГ», «НТВ МИР», «Карусель International», «Россия 24», «Музыка Первого», «РТР Планета», «Время: далекое и близкое», «Телекафе», «Поехали», «Дом кино Premium HD», «Бобёр», «Россия К» телеканалдары жөнүндө болуп жатканы айтылган.

Оператордун сайтына жайгаштырылган алгачкы билдирүүдө орусиялык телеканалдардын гана тизмеси жазылган. 28-сентябрда ал тизмеге айрым батыш өлкөлөрүнүн телеканалдары да кошулган.

Количество просмотров: 53