• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президентинин шайланышын мыйзамсыз деп атады

17 Бирдин айы 2023 10:16 Бишкек Govori.TV

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 16-февралда өткөн жыйын боюнча комментарий берди. Бул тууралуу анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Бегалиев курултайды бир гана президент чакыра аларын айтып, кечээ өткөн съездди мыйзамсыз деп эсептейт.

Эске салсак, 16-февралда Көк бөрү федерациясынын айрым аймактарынын жетекчилери жана улакчылар кезексиз жыйын өткөргөн. Анда Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевдин ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар айтылган. Жыйындын жыйынтыгында Талас Бегалиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев шайланган.

Теги:
Количество просмотров: 262