Көк бөрү федерациясынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиев ардагерлер арасында дүйнө чемпионатына катышат.
Дүйнө чемпионаты 8-октябрда Хорватиянын Пореч шаарында башталды.
Талас Бегалиев 78 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдешке катышат.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы:
Адахамжан Балтабаев — 62 кг салмакта,
Айбек Бердалиев, Валентин Малютин, Сергей Фуфачев – 70 кг салмакта,
Азамат Кадыралиев, Анвар Касымов, Кундузбек Раимбеков, Талас Бегалиев – 78 кг салмакта,
Жолдубай Бекжанов – 88 кг салмакта,
Чыңгыз Масабиров -100 кг салмакта,
Алексей Бем – 130 кг салмакта.