• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзамды артка чакыруу сунушталды

1 Жетинин айы 2023 15:44 Бишкек Govori.TV

1-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу өтүнүчү менен кайрылышты.

IDEA Central Asia уюмунун аткаруучу директору Айзат Русланова белгилегендей, калктын 34% жаштар, ал эми коммерциялык эмес жаштар уюмдары мамлекетке жаштарды өнүктүрүүдө жардам беришет.

Ал эми «Жаш саясатчылар мектеби» долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулунун айтымында, мындай уюмдар негизинен жаштар менен иш алып баргандыктан, бейөкмөт уюмдары жөнүндөгү мыйзам коммерциялык эмес жаштар уюмдарынын ишине эмес, жалпы жаштарга таасирин тийгизет.

«Өкмөт, Жогорку Кеңеш, бийлик өкүлдөрү толугу менен элетте, шаарда жашаган жаштарга жардам берүүгө, аларды багыттоого күчү жетпейт. Бейөкмөт уюмдар азыркы тапта, мына биз камчыга сап боло турган уюмдарбыз. Биз ошо өкмөттүн ишин улай иш алып барып жатабыз. Мисалы «Жаш саясатчы мектеби» БШК менен биргеликте жаштардын шайлоо катышуусун жогорулатуу багытында иш алып барып жатат. Эгерде биз ушундай иштерди жасап жатсак, анда эмне үчүн өкмөткө тоскоолдук жаратабыз. Бул мыйзам толугу менен биздин укугубузду тебелеп жатат. Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн тебелеп жатат», — деди ал.

Жаштар уюмдарынын өкүлдөрү ар кайсы багытта иш алып барышарын, алар көптөгөн бейөкмөт уюмдар сыяктуу эле мамлекеттик органдар менен иштешип, долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере турушкандыктарын, жаштар уюмунун долбоорлору мамлекеттик долбоорлордон түзүлөрүн белгилешти.

Эске салсак, 25-октябрда депутаттар «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алышкан.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тарткан.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 214