• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бейөкмөт уюмдар жана ЖМК мыйзамы: Кыргызстандагы долбоорлорду каржылаган эл аралык банктарга 15 уюм кайрылуу жолдоду

4 Жалган куран 2024 14:08 Бишкек Govori.TV

15 уюмдан турган топ “чет элдик өкүлдөр” тууралуу мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстандагы долбоорлорду каржылаган төрт эл аралык каржы институтуна (Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Дүйнөлүк банк) кат жазышты. Бул тууралуу Өнүгүүдөгү адам укуктары боюнча эл аралык коалиция билдирди.

Биргелешкен катта каржы институттарынан конкреттүү чара көрүүнү суранып, кыргыз бийлигин бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун жана ЖМКлар боюнча мыйзам долбоорлорун чакыртып алууга чакырат.

Кайрылууда ошондой эле мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандагы өнүгүү иш-чараларынын ийгилигине олуттуу коркунуч туулары белгиленген.

«Мыйзам сөзсүз түрдө коркуу кырдаалын жаратып, адамдарды, анын ичинде жумушчуларды, укук коргоочуларды жана жарандык коом уюмдарын эркин сүйлөп чыгууга тоскоол болот», — деп белгилешет уюмдар.

Количество просмотров: 68