• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам талаш жаратууда

16 Кулжа 2023 19:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда «чет элдик агент» мыйзамы талаш жаратты. Депутат Надира Нарматова иштеп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору бул жолу өлкөдө эркин ММКларга басым күчөп турган маалга туш келди. Документти артка чакыртып алуу талабы региондордо дагы айтыла баштады.

Кыргызстан медиа аракет Платформасы бул мыйзамды сынга алды. Платформа белгилегендей, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл күчөйт жана жарандык коом жоголот.

Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму сунушталып жаткан эки мыйзамга тынчсыздануусун ачык билдиршти. Алар президент Садыр Жапаровду документке кол койбоого үндөду.

“Кыргызстан адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүү милдеттенмесин алган. Өлкө сөз эркиндиги, адам укуктары, эркиндиктери корголгон мамлекет деген брендин сактап калат деп үмүттөнөбүз”.

Бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу кылышты. Бул мыйзамга башында 30 чакты демилгечи болгон. Азыр 5 депутат авторлош болуудан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып башташты. А түгүл мыйзамга жан үрөп жаткан депутат Атазов дагы топтон чыгууну ойлонуп жаткан чагы.

Ал эми Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет. Ал чуулгандуу мыйзамын чакыртып албасын билдирди.

Бизде сунушталып жаткан мыйзам Орусиядан көчүрүлгөнү аныкталганын “Медиахаб» порталы факт менен далилдеп чыкты. Нарматованын бейнесинен турган материал депутатты капа кылып, ал эми журналситтерди сотко бергени жатат. Орусия демекчи, 25-апрелде төрага Нурланбек Шакиев Орусиядагы сапарында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан учурда, орус спикери Кыргызстанда “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамды тездетип кабыл алуу керектигин, бул боюнча Думанын тажрыйбасын колдонууну сунуштаган. Мындан улам жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул демилгенин артында Кремлдин кулагы көрүнүп жатат деп билдиришүүдө.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай мыйзам долбоору бир гана бейөкмөт уюмдарына тиешелүү дегендер жаңылышары айтып, документ сын-пикир айткандардын оозун жабууга багытталганын белгиледи.

Мыйзам долбоорун колдогондор бейөкмөт уюмдарына тиешелүү мыйзамдар өнүккөн өлкөлөрдө анын ичинен АКШда дагы бар экенин жүйө кылып келишет. Деген менен АКШда кабыл алынган «Чет элдик агенттерди каттоо мыйзамы» (FARA) биринчи кезекте нацисттик пропаганданын жайылышын алдын алууга багытталган.

Июлда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму Борбор Азия боюнча бардык мамлекеттерти бир жыйынга чогултат. Ал жакта Жарандык коомго каршы болуп жаткан бир катар репресивдүү мыйзамдар тууралуу маселе көтөрүлөт. Ошондо Кыргызстан кандай повестка менен чыгаар экен…

Количество просмотров: 77