• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Беймаза болбой өлөйүн». Президент Жапаровдун артынан ээрчип ыйлаган аял көйгөйүн айтты

8 Бирдин айы 202212:49 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Ош базарын кыдырып, соодагерлер менен жолукту. Мамлекет башчынын базарга келгенин уккан жарандар ага көйгөйлөрүн айтышты.

«Атайы жардам сурап кайрылдым. Келиним менен уулум I топтогу майып. Сүйлөшпөйт, угушпайт. Келиним 4 баланын энеси. Боордун циррозу менен жабыркап келет. Тез арада Индия мамлекетине барып операция жасатуу керек. Ушуга жардам бергилечи, балдары жетим калбасын. Барбаган жерим калган жок, эч ким кабыл албай койду. Жакшы-жаман сөз угам»,-деди улгайган аял көзүнө жаш алып.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров Ош базарында соодагерлер менен жолугуп, контролдук кассалык машинаны (ККМ) колдонуу боюнча жеринде кызуу диолог жүргүздү.

Количество просмотров: 5683