• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бейрутта жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды

9 Баш оона 2020 9:18 Бишкек Govori.TV

Бейрутта жарылуудан кийин жарандар нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Митингге миңдеген адамдар катышып, Алар өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Айрым топтор полицияга таш ыргытышкан.

«Кагылышуу учурунда 100дөн ашык адам жабыркап, 15ке жакыны ооруканагажеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Социалдык түйүндөргө акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Эске салсак, Бейрут портунда 4 — августта Бейрутту термелткен абдан күчтүү жарылуу болгон. Жарылууда 154 киши каза болуп, 5 000ге жакын киши жаракат алган.

Количество просмотров: 178