Бейрутта аэропорттун жанында жарылуу болгондо кыргызстанды «Moalem Aviation» авиакомпаниясынын самолету учууга даярданып жаткан. Муну 24.kg маалымат агенттигине фирманын өкүлү тастыктаган.
Буга чейин Израил Шувейфат районундагы имаратка катуу сокку урганы жазылган. Имараттын жарылышы тартылган видеону Sputnik Arabicтын кабарчысы тартып алган.
«Moalem Aviation авиакомпаниясы» ЖЧКсынын өкүлү алардын самолету Дубайга жүк ташып барганын билдирген.
«Учуп баратканда биздин экипаж түтүндү көрүп, бизге маалымат беришкен. Андан ары алар штаттык режимде Дубайга учуп келишкен. Бир күндөн кийин биз аэропорттун жанында жарылуу болгонун маалымат каражаттарынан окудук. Ушул жарылуу болгондо самолетте эч нерсе сезилген эмес. Бейруттун аэропорту жабылган эмес, кадимки режимде иштеп иштеп жатат. Жабыркаган адам болгон жок. Авиациялык жол-жоболорго ылайык, азыр кандай опурталдыктар болгонун баалап жатабыз», — деп билдирди авиакомпаниянын жооптуу кызматкери.