Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыктады.
Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.