• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Бейшеналиев Абдрамановду кызматтан алып жатканын билдирди

14 Жалган куран 2022 14:05 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облустук жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору Калдарбек Абдрамановду кызматтан алып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына барганда билдирди.

Министрдин айтымында, Калдарбек Абдраманов борбордогу каржылык мыйзам бузуулардан улам кызматтан алынууда.

«Анын жеке кардиологиялык борборлору бар. Ал мамлекеттикти да жеке менчик кылып алган. Өз чөнтөгү менен мамлекеттин чөнтөгүн аралаштырды», — деди Бейшеналиев.

Количество просмотров: 4017