• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Бейшеналиев: Бүгүн премьер-министр коронавируска каршы эмделиши мүмкүн

31 марта 2021 в 10:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри коронавируска каршы эмделиши мүмкүн. Бул тууралуу “Биринчи радиодогу” түз эфирде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн антителага тест тапшырат. “Эгерде анын жыйынтыгы терс чыкса, мүмкүн бүгүн ал коронавирустук инфекциядан эмдөөдөн өтөт”, – деп кошумчалады Бейшеналиев.

Количество просмотров: 44