• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өлкөгө кызамык-кызылча вакцинасы келди

12 Аяк оона 2023 14:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргызстандагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү даярдалган болчу.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында башталып, 29-сентябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 75