Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди. Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай чечим ЖМКларга жарыяланган жана жарандардан келген маалыматтарды жана билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган.
Башкы прокуратуранын эскертүүсү тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарына комментарий берип, андай чечимди адилетсиз деп эсептейт.
«Башкы прокуратуранын чечими адилетсиз, анткени мен сөзүмдө бүткүл таластыктарды эмес, Жумабековду эле айткам. Таластык болсо кантип айтам? Чикагобу, же эмне? Алардын баары өзүн реклама кылгылары келип жатат. Мага кечээ күнү айтышты чечим тууралуу, бирок мен аны окуган да жокмун. Башкы прокурор деген ким? Мен кечээ өзүнө да айттым, мен элге гана баш ийем”, — деген Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев ага министрлер кабинетинде сөгүш берилгенин кошумчалап, «демек, мен аларга тоскоол болуп жатам. Алар мени кызматтан кетирүүнү каалашса керек. Мен кыла турганымдын баарын жасадым. Мени тезирээк барын бүтүрүүгө шашып жатам, анткени мени депутаттар же Башкы прокуратура кетирет», — деп билдирген.