• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бейшеналиев Баткен облустук бириккен ооруканасына барды

11 Бештин айы 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Баткен облустук бириккен ооруканасында болуп, бөлүмдөрдү кыдырып, ошондой эле оорукананын жамааты менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында Баткен облустук бириккен ооруканасын шаардык, райондук жана облустук ооруканаларга бөлүү маселеси талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири бул сунуш менен мурда министрге кайрылган.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Талант Абдирашитов министрге оорукана 360 орунга ылайыкталып, 13 бөлүм бар экенин жана башка аймактар сыяктуу эле ооруканадагы кадр жетишсиздигин белгиледи. Ал эми өз алдынча үч структурага бөлүнгөндө биринчи кезекте жаңы ооруканаларга кадр маселеси көтөрүлөт.

Баткен облустук бириккен ооруканасына болгон иш сапарынын жыйынтыгында министр облустук оорукананы бөлүүнүн зарылдыгы жок экенин белгиледи. Министр өз чечимин аз сандагы калктын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чыгымдарды оптималдаштыруу далалаты жана кадр жетишсиздигинин шарттарында аларды сактап калуу зарылдыгы менен негиздеди. Ошону менен бирге аймактагы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында Баткен облустук бириккен ооруканасынын жабдыктарын жана кадрдык потенциалын чыңдоо пландалууда.

Министр бул багытта иштер жүргүзүлө турганын баса белгиледи.

Количество просмотров: 93