• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бейшеналиев орун басарларын кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди

30 Бугу 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын жана эки директорду кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди.

Министрдин айтымында, сунуштамада саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиев, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Катаевдин ысымы бар.

Бейшеналиев буга чейин орун басарларын кызматтан кетирүү боюнча министрлер кабинетине сунуш киргизгендигин билдирди. «Бирок министрлер кабинети чечим кабыл алган жок, ошондуктан президентке сунуштама жөнөттүм», — деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алган.

Количество просмотров: 516