• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары кызматынан бошотулду

6 Бирдин айы 202513:10 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басарлары Бекболот Алиев менен Нургүл Салиева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министирлер кабинетинен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка 2025-жылдын 5-февралында министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бекболот Алиев 2021-жылдын 12-ноябрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Нургүл Салиева бул кызматка 2024-жылдын 24-июнунда дайындалган.

Бүгүн, 6-февралда Жиенбеков Бакыт Муратович Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 372