Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бүгүн, 14-июлдагы отурумунда Кытайда жана Россияда ойлонуп табылган коронавирустан эмдөөчү вакциналарды Кыргызстанда өндүрүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Министрге суроо узаткан депутат Айнуру Алтыбаева, «коңшу мамлекеттерде өздөрү вакцина чыгарабыз деп айтып жатышат. Бизде да ушундай мүмкүнчүлүк барбы, өзүбүз вакциналарды камсыз кылганга?», — деген эле.