• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бейшеналиев: Токтайым Үмөталиева менчиктеп алган имаратты кайтарып алабыз

11 Жалган куран 202212:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта «Биринчи радионун» эфиринде министр Алымкадыр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлеп турган имаратты бошотууга бара турганын билдирди.

«Мен азыр угат го деп ойлоп жатам. Биз Үмөталиева эже менен байланыша албай жатабыз. Көп жылдардан бери 6-оорукананын жанындагы имаратты алып, компьютердик томография коюп алган. Мурун иштептир азыр иштебейт. Ага буга чейин эскертилген, бирок болбой жатат. Ал жеке менчик кылып чыгарып алыптыр, тигилер ижара төлөсө эженики менчик экен. Мындай эле сүйлөшүп, түшүнүшөбүз деген ойдомун, сотсуз эле имаратты кайтарып алсак болот го деп жатабыз», — деп билдирди министр.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кошумчалагандай учурда 80 ден 100гө чейин ушу сыңары менчиктешилип же басып алган имараттар бар. «Азыркы күндө 20га чукулун кайра кайтарып алдык, кээ бирлери жөн эле берип жатат. Айрымдагы гана кетпей чыр чыгарууда», — деди ал.

Количество просмотров: 2163