• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна барды

1 Бирдин айы 2024 11:14 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна барды.

Министрликтен билдиришкендей, Бейшеналиев сапарынын алкагында академик Мамбет Мамакеев менен жолугушуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү боорду трансплантациялоого даярдык иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

«Адамдын органдарын трансплантациялоого адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде уруксат берилет. Улуттук хирургия борбору бардык талаптарга жооп берген тиешелүү операциялык бөлмөлөрү бар үчүнчү дэңгээлдеги саламаттык сактоо уюму болуп саналат. Бул жерде тажрыйбалуу адистер да иштешет. Ошондуктан биз боорду алмаштыруу операциясын жүргүзүү үчүн ушул медициналык мекемени тандап алдык», — деп белгиледи министр.

Количество просмотров: 162