• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бейшеналиев унаа сүзүп кеткен кайгуул кызматкеринин абалынан кабар алды

20 Баш оона 202413:23 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев милициянын кайгуул кызматкеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 17-августунда милициянын кайгуул башкармалыгынын кызматкерин кызмат өтөө учурунда унаа сүзүп кеткен.

Ал баш мээнин оор жаракаты, сол жактагы жоон сан сөөктүн майдаланып сынып кетиши жана башка татаал жаракаттарды алган. Бүгүнкү күндө бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор деп бааланууда. Комада, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Министр Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алып, ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөөрүн билдирди.

Эртең бейтаптын абалынын жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда.

Количество просмотров: 128