• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейшеналиев уу коргошунду сыноо аяктаганын билдирди

31 Бугу 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда уу коргошунду колдонуп жүргөндөргө жолугуп сүйлөшөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

“Биз уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Биз уу коргошунду лабораториялык изилдөөдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгын алыш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылдык. Алардын жообун күтүп атабыз”.

Депутаттар уу коргошун боюнча лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле аны коомчулукка жарыялап, пропаганда кылганы үчүн министрди сынга алышты. Ушундан улам аны иштен кетирүү маселеси дагы бир жолу көтөрүлдү.

Количество просмотров: 265