• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бейшеналиев: Вакцинанын жоопкерчилиги өкмөт менен министрликте

29 Жалган куран 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министри жооп берет. Министр катары мен дагы жооп берем”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды.

Теги:
Количество просмотров: 170