• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады

16 Кулжа 2022 14:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.

«Комиссия саламаттыкты Сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз Республикасында COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишмердүүлүгүн иликтеди. Мындан тышкары, комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди иликтеди. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1837