• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды

28 Кулжа 202216:34 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 18-августка чейин узартты.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козгоп, 2-июнда кармаган. Ал 16-июнда үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 294