• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Көк бөрү” оюндун калысы үй камагына бошотулду

15 Жалган куран 20256:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде бир улакчы каза тапкан окуядан улам оюндун калысы жана бир көк бөрүчү камакка алынганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдаган. 14-мартта Көк бөрү оюндун калысы үй камагына бошотулду.

Эскерте кетсек, 12-мартта 45 жаштагы Мирлан Сражидинов оюн учурунда алган жараатынан өзүнө келбей каза тапкан.

Кырсыктан улам мелдеш эки күнгө токтотулган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү, 1996-жылы туулган А.Ч жана оюн маалында судьялык кылган, 1983-жылы туулган Ш.У. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалган”, — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

Количество просмотров: 302